www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Жалал-Абадда 2010-жылдагы июнь каргашасынын курмандыктары эскерилди

Майрамбек Каримов 13-июнь 2018, 13:50

Коом


Сүрөт - Жалал-Абадда 2010-жылдагы июнь каргашасынын курмандыктары эскерилди

Кыргызстанга эң биринчи тынчтык жана ынтымак-ырашкердик керек, ошондо гана карапайым калктын мүдөөлөрү ишке ашат. Бүгүн Сузак районунун Топурак-Бел ашуусунда июнь окуяларынын курмандыктары үчүн тургузулган эстеликтин жанында өткөн мындан сегиз жыл мурунку кандуу окуяларды, анда набыт болгондорду эскерүү иш-чарасында ушундай каалоолор айтылды.

Эскерүү иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун, областтын мекеме-ишканаларынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, кандуу окуя маалында жабыр тарткандар менен набыт болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, област, шаар жана район жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүлчамбарларды коюшуп, курман болгондордун элесине таазим кылышты.

Иш-чараны Сузак районунун акими ачып, андан ары сөздү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков улантты. Ал област жетекчисинин атынан каргашалуу окуялар маалында курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жакшы каалоолорун билдирди.

“Санпа шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү мындай кандуу окуялар мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгон кишилердин терс аракеттери менен башталганын, бирок окуяга катышкандар жазасын алып, чыныгы уюштуруучулар дале сыртта аман-соо жүрүшкөнүн айтышты. Кандуу окуяларды уюштургандар кайсы мамлекетте болбосун, алар жазасын алышы керек, ал эми карапайым калктын бул иште күнөөсү жок дешти.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин пикиринде, шаар көп жабыр тарткан аймактарга кирет. Бирок, шаар бийликтеринин, шаар коомчулугунун жакшы аракеттери менен Жалал-Абад азыр таптакыр башка турпатка өтүп, кооз болуп баратат. Элдин ынтымагы бекем, ошондуктан да ийгиликтүү аракеттер өз натыйжасын берип жатат.

Иш-аранын аягында каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналып Куран окулду.

Эскерте кетсек, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуяларда жалпысынан 500гө жакын киши курман болуп, 2 миңге жакын киши жабыркаган. Ал эми Жалал-Абад шаарында 31 киши курман болсо, 72 киши жабыр тартышып, дагы бир киши дайынсыз.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83