www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандарга шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүн мурунтан түшүндүрүш керек

Майрамбек Каримов 13-июнь 2018, 16:54

Саясат


Жарандарга шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүн мурунтан түшүндүрүш керек

Бул тууралуу 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алган учурда билдирди. Жолугушуу жөнүндө президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

"Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кийинки шайлоого чейин киргизип, жарандарга алдын-ала түшүндүрүү зарыл. Партиялар жана шайлоочулар аны менен таанышып чыгып, шайлоого пландуу даярдана башташы керек”, - деди Жээнбеков.

Президент шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүдө добуш сатып алуу коркунучун азайтып, элдин шайлоого болгон ишенимин жогорулаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин белгиледи.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун аткарып жатканы иштери тууралуу маалымат берди. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча бардык аймактарда жыйын өтүп, июндун аягына чейин коомдук талкууга даяр болот. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83