www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Перизат Кутманалиева 13-июнь 2018, 18:58

Саясат


 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, „Жарандык абалдын актылары жөнүндө“, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам үй-бүлө мыйзамдарын жана жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83