www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов каза болду

Камчыбек Бостон 07-июль 2018, 16:27

Коом


Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов каза болду

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. Театр жана кино актёру Дүйшөн Байдөбөтов бүгүн, 7-июлда инсульттан улам каза болду. Ал 3 жылдан бери бул дарт менен күрөшүп келген. Дүйшөн Байдөбөтов "Мен Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, "Каныбек" тасмасында Түлкүбектин, "Саманчынын жолунда" Субанкулдун, соңку фильмдерде, "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун ийине жеткире аткарган.

Мындан тышкары театр сахнасында 100гө чукул спектаклдерде роль жараткан. Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июлда өзүнүн туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында өтөт. Эске салсак, Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда төрөлгөн. Ал 28 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти болсо, 10 жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган. Ал мектепти аяктагандан кийин жубайы Кенже Исмановага үйлөнүп, 2 уул, 1 кыздуу болушкан. Актёрдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83