www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиев: "Атамбаевге жолукканым карандай калп"

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 10:41

Саясат


Камчыбек Ташиев: "Атамбаевге жолукканым карандай калп"

- Камчыбек Кыдыршаевич, айрым иаалымат булактары сиздин экс-президент Алмазбек Атамбаевге эки жолу жолугушуп, узакка баарлашканыңызды жазып чыгышты. "Алардын жолугушканын президент Сооронбай Жээнбековдун командасы да жакшы билет экен... Камчыке эки дос - Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосуна көпүрө болуп, жараштырганы жүрөбү деп ойлоп калдык..."- деп айтып жатышат. Бул маалымат чынбы?
- Жыл башында бир ирет жолукканбыз. Бирок, Алмазбек Шаршенович менен менин бүгүнкү күндө сүйлөшө турган эч кандай сөзүм жок. Учурда Орусия жергесинде өтүп жаткан  футбол  чемпионатын шаарларында кыдырып көрүп жүрөм. Кыргызстанда саясатта эмне иш болуп жатат, кабарым бар, бирок, аралашкан жокмун. Саясатта кармаган тыныгуу учурумда көп нерселерди ойлондум. Келечек багыттарымды камдадым. Ошол себептүү, айта турган сөздөрүбүз, жасай турган иштерибиз, али алдыда!
- Азыркы жана экс-президенттер менен мамилениз кандай анда, тактап койбойсузбу?
- Мен президенттик шайлоодо карманган, тандаган жолумдан тайган жокмун. Сооронбай Шариповичтин ишине азыр баа берүү эрте. Эми гана президенттик сапары башталды. Коомчулукта баасын берүүгө мүмкүнчүлүгү көп болот. Атамбаевдин саясаттагы жолуна суктанбайм, башка эч нерсе айта албаймын.
- Жалал-Абаддагы мэр шайлоодо ининизди өткөзбөй койгондон кийин бийликке таарынган жоксузбу?
- Мен башында эле айткам, экөө тең менин жакын инилерим. Кимиси болбосун, мен өстүргөн кадрлар. Мэрди депутаттар тандашат. Ошондуктан, бийликке кандай таарыныч болмок эле...
- Жо-ок, Камчыбек мырза, түшүнбөй калдыңыз, Асылбек Жзэнбековдун кийлигишкенин айтып атышат го...
-  Мен бул сөздөргө ишенбейм. Асылбек Жээнбеков түз жүргөн жигит. Анын мындай ыплас иштерге аралашканына ишенбейм... Билем, суроолор көп болуп атат... Анын баарына барганда жооп берейинчи, стадиондо элем, жакшы угулбай калып жатат... Рахмат, кыргыз элине салам!
А.БЕЛЕКОВ

Булак: Майдан.кж


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83