www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевдин “тыңчысыбы”?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 10:51

Саясат


Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевдин “тыңчысыбы”?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы бир “сырдуу” жагдайды көпчүлүк байкабай калгандай болгон. Кандай жагдай дейсизби? Эсиңиздерде болсо керек, 2016-жылы бир нече саясатчылар “Бийликти басып алууну пландаган” деген айып менен камалган.

Мисалы, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана башкалар. Булардын айрымдарынын “бийликти басып алуу” боюнча сүйлөшүүлөрүнүн аудиожазмасы интернет булактарына тараган. Бирок, ошолор менен чогуу эле ушундай сүйлөшүүлөргө катышкан Азимбек Бекназаровду эмнегедир А. Атамбаевдин бийлиги камаган эмес. Болбосо, ошол айып тагылып, камакка алынгандардын көпчүлүгү А. Бекназаровдун кеңсесинде отуруп бийликти басып алууну пландагандар болгон. Азимбек мырза өзү да ал сүйлөшүүлөргө катышкан.

Бирок, анын кылы да кыйшайган жок. Ошол убакта эле ошол кеңседеги сүйлөшүүлөрдүн аудиожазуусун ким жаздырган деген суроо жаралган. Баары камалып, Азимбек мырзанын эле эркиндикте калышы да көп суроолорду жаратып, шектенүүлөрдү пайда кылган. Андан сырткары Азимбек мырза анда-санда А. Атамбаевди да катуураак сындагансып койчу. Анда деле кылы кыйшайган жок. Эч ким аны куугунтуктаган жок. Эми болсо ал экс-ИИМ министри М. Конгантиевге карата 2010-жылы козголгон кылмыш ишинин токтотулушун мыйзамсыз кадам деп билдирип чыкты.

“Бул чечим боюнча президент С. Жээнбеков өз пикирин билдириши керек” деди ал. Ушундан улам суроо жаралат, А. Бекназаров эмнеге А. Атамбаевдин убагында “М. Конгантиевге козголгон иш боюнча неге тергөө жүрбөй жатат?” деп сураган эмес? 2010-жылдан бери 8 жыл убакыт өтпөдүбү?

Айтор, А. Бекназаров М. Мискенбаевдин бир аз акылдуурагы болуп тургансыйт. Анын АША менен дос экенин элдин баары билет. Анан досу бийликтен кеткнеден кийин жанында жалгыз эле М. Мискенбаев калганына ичи ачыштыбы же АШАнын акчасына азгырылдыбы, айтор анын камчысын чаап аткандай болууда.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Назар Нуруев, 11-июль 2018, 15:53
Азимбек Байке ( Ака) кочугунузду кысчы сен сука сенин айндан Аксылыктар чыгып митинг кылып Жалалабад которулуп сени камактан чыгарган сен шакал бир кыпындай пайда кылган жоксун элдин кусуру урсун сени шакал. Тынч жашап эми онугуу жолуна тушуп бара жаткан Кыргыз элине Атамбаев, Сариев, Сапаров, Сен, Рысалиев, Чыныбай. Силер кысып тургулачы. Кыргызстан онуксун оссунчу.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83