www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдомуса Конгантиевди сабаган Ташчайнарга жана Акылбек Жапаровго кылмыш иши козголобу?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 18:15

Саясат


Молдомуса Конгантиевди сабаган Ташчайнарга жана Акылбек Жапаровго кылмыш иши козголобу?

Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иш токтотулгандан бери жумурткадан кыр издеген аттуу-баштуулар көбөйдү. Канткен күндө дагы ойгонбогон нерселерди эске салып койсок. 

2005-жылдагы ыңкылаптан кийин президенттик кызматка Курманбек Бакиев келди. Туугандарын, балдарын жогору кызматтарга дайындап, үй-бүлөлүк башкарууну улантты. Муну менен саясий оппоненттеринин бутасына айланды.

Бирок да жакындарын жогору кызматтарга дайындоо Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан эле эмес АКШда гүлдөп жатканын эске алганда Бакиевдин кемчилиги көп өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш экенин көрсөтөт.

Анын үстүнө Атамбаев чала сабат жан сакчы, шоопурлары менен мамлекетти менчигине айлантып, миллиарддап карызга батырганын эске алганда 2010-жылы бир топ тарабынан мамлекетке каршы чоң бузукулук, ал эми ага алданган адамдар тарабынан кыска ойлуулук, өз үйүн өрттөө болгон деген пикирди бекемдейт. Бул тууралуу elnews.media жазып чыкты. 

Кашкайган чындык.

Эмне үчүн акылдуу Акыл Жапаровго анда кылмыш иши козголбойт? Анткени Жапаров, Конгантиевдин алдында жүрбөдү беле? Легитимдүү ички иштер министри катары тополоң чыккан жерге барып, мыйзамдуулукту орнотууга аракет жасаганы үчүн Конгантиев аеосуз сабалып, кан жалап өмүрү коркунучка келсе дагы  анын  сабалышы боюнча кылмыш иши ЭМНЕ ҮЧҮН козголбойт? Конгантиевди немистерден өтүп сабаган, техника жылдыргыч Ташчайнарга эмнеге кылмыш иши козголбойт? Техника эмес, тоону ордунан жылдырса дагы ал оор кылмыш кылып жатат. Эмне үчүн ушулардын баарын эки тараптуу көрбөгөн Алмазбек Атамбаевге жан тарткан Азимбек агабызга таң калып, оозубуз Ошту карап турган учур. 

Андыктан, чындыкты айтыш үчүн, президент Сооронбай Жээнбековго «сигнал» берүүнүн кажети жок, чындыкты эл өзү эң жакшы билет.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83