www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Осмонбек Артыкбаевди качырышты» деген имишти таратуучулардын максаты эмне?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 12:32

Саясат


«Осмонбек Артыкбаевди качырышты» деген имишти таратуучулардын максаты эмне?

Мына ушундай имиш атайылап таратылып жатканы белгилүү болуп калды. Аны кимдер таратышы мүмкүн экендигин да божомолдоо кыйын эмес. Мындай имишке элди ишендирип, анан «бийлик коррупционерлерди четинен бошотуп жаткан турбайбы» деген коомдук пикир жаратуу менен элдин нааразычылыгын пайда кылууну көздөшүүдө.

Эгерде ошол имишти таратып жаткандар көздөгөн максаттарын жүзөгө ашыра алышса, анда өздөрү да дээрлик алты жыл бою «боткосун» чалган коррупциялык иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтен кутула алышат.

Демек, имишти кимдер чыгарып жатканын түшүндүңүз окшойт. Бирок, О. Артыкбаев эч жакка качкан жок. Чындык ушундай. Анын жактоочусу да, өлкөбүздөгү эң абройлуу кардиологиялык борбордон да О. Артыкбаевдин дарыланып жатканын билдиришүүдө.

Кыргызда «таба эмес, тооба кыл» деген сөз бар. Анын сыңары ооруп аткан адамды табалабайт. Имишти таратып жаткандар бул аракеттери аркылуу О. Артыкбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө да психологиялык кысым жасагылары келип турганын байкоого болот. Аларды ар кандай мыйзамсыз кадамдарга атайылап түрткүлөрү келет.

Бирок, мындай ыплас технология менен маалымат саясатын жүргүзгөндөр, эртең өздөрү казган орго өздөрү түшө турганына ишене бериңиз.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83