www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсепке бир жума ичинде 134,9 млн сом которулду

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 14:20

Саясат


Коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсепке бир жума ичинде 134,9 млн сом которулду

Май айынын орто чендеринде президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну тапшырган эле.

Ага ылайык Башкы прокуратуранын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөрүп, натыйжада Финансы министрлиги атайын эсеп ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн. Ошентип коррупционерлерден кайтарылган каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 3-июлда кол койгон.

Бул эсепке Башкы прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жана ИИМ коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражаттарды салышы керек.

Ошентип атайын эсеп ачылгандан кийинки бир жума ичинде эле ага Башкы прокуратура 39 млн сом, ал эми УКМК 95,9 млн сом которгону белгилүү болду. Бул акчалар өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт.

Ошентип коррупцияга каршы күрөштөн канча каражат түшүп атканы жана ал кайда жумшалып атканы коомчулуктун көз алдында болуп турмакчы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83