Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 15:06
Бүгүн, 11-июлда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин уулу Санжар Нариман уулунун Манас айылындагы үйүн милиция курчоого алынып, жыйынтыгында эки тараптан келишпестик жаралды. Укук коргоочу Качкын Булатов, мындай окуяга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күнөөлүү экенин NazarNews.kgге билдирди.
"Бул бийликтин бул окуяга бүгүнкү күндө кыпындай тийешеси жок. Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Нариман Түлеевдин канчалаган кыймылсыз мүлктөрү чачырап кетти. Нариман Түлеев, Атамбаевге окшоп 600 долларга аттиш сатып алып, бүтүндөй ТЭЦдин ачкасын бөлүп жеп, тарых музейдеги жыгач атты 14 млн еврого сатып алды беле? Алдын ойлобогон, каалаган жерди боктоп кете берген Алмаз Атамбаевге анан буйругун аткарган сотторду, президент Сооронбай Жээнбеков бүтүндөй кызматтан айдап жок кылыш керек. Урматтуу Сооронбай Шарипович, акчага тойбогон, каалаганын каалчаган соттордун тамырын кыркыңыз дагы Нариман Түлеевдин ишине көңүл буруңуз", - деди укук коргоочу Качкынбек Булатов.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Аида Салянова Баш прокурор болуп турганда кызматынан кыянаттык абалда пайдаланып, саясый буйрукту кынтыксыз аткарган жоруктарынын кесепетинен Нариман Түлеевдин очогу, балдарынын уясына кол салуу кайрадан башталды.
Дегенибиз, бизге жеткен маалыматтарга караганда 20-июлда Нариман Түлеевдин Манас айылы тараптагы үйү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өтөт.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин мурдагы депутат Нариман Түлеевдин Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан "Караван" соода комплекси жана "Сапат" бизнес борборун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына, "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын балансына өтүп кеткен эле.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!