www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: Туйгуналы Абдраимов "муштумун" түйгөндө.. “Мени коркутпагыла. Мен эч кимден коркпойм. Рыспек Акматбаевди да жиберчү жагына жиберип койгом”

Перизат Кутманалиева 11-июль 2018, 14:53

Саясат


ВИДЕО: Туйгуналы Абдраимов "муштумун" түйгөндө.. “Мени коркутпагыла. Мен эч кимден коркпойм. Рыспек Акматбаевди да жиберчү жагына жиберип койгом”

Бизде чоӊ саясатта баскан изи ар кандай бааланган, эбин таап эки жеген, чоӊ кызматка магниттей жабышкандар ого эле көп. Алардын бири жакында Чүй облусуна губернатор болуп дайындалган Туйгуналы Абдраимов экени талашсыз. Бул адам  иштин көзүн билет. Бирок маселени ар кандай жолдор менен чечет. Жеке кызыкчылыкты эгерим жерде калтырбагандардын бири.

Эми бул жагы элибизге бештен белгилүү. Биздин дарекке Туй мырзанын жергиликтүү эл менен, тагырагы айылдаштары менен жыйын өткөргөнү тууралуу жыйында тартылган кыска тасманы жиберишти. Ал тасмада Туй мырзанын ишмердүүлүгүнө  нааразы болгон жигиттердин бири ачуусу менен: “Сиз бул кызматка эмне максат менен келдиӊиз, ушуну айтыӊызчы”- деп маселени кабыргасынан козгоп, суроо салса, Туй мырза анын суроосуна кызаӊдап: “Эркиӊер барлар чыккыла любоюӊ менен сүйлөшөм, эркекче”- деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Мансабына таянып, жөнөкөй адамдар менен мушташкысы келген Туй мырзанын деӊгээлине баракелде.

Ал андан ары: “Мен 27 премьер-министр менен иштедим. Эли үчүн таза, калыс болдум. Эгер мен мыйзам бузсам, мени Акаев дагы, Бакиев дагы, Атамбаев досум дагы камамак. Мен коркута албайсыӊар. Мени убагында Рыспек Акматбаев атам деп коркутканда, мен аны жиберчү жагына жиберип койгом”- деп мактаныч менен сүйлөптүр.

Эгер Рыспек тирүү болгондо, минтип оозун чоюп сүйлөй албайт эле. Эми бул жагы түшүнүктүү…

Булак: "Багыт"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83