www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубулмалар, жан бактылар коркунучтуу

Перизат Кутманалиева 11-июль 2018, 17:47

Саясат


Кубулмалар, жан бактылар коркунучтуу

Кайсыл бийлик келсе да төшөктөй төшөлүп, өзүнө пайдалуу болсо көшөрүп
оокатын кылгандар деле каадалуу адамдай басып жүрөт арабызда. Айрыкча “хоп,
майлилердин” кабыгы калыңдап баратканы кооптуу болуп турат. Так ошолордун колу
аркылуу кара пиарлуу маалыматтар коомчулуктун мээсине жеткени жакшы көрүнүш
десек үлкөн жаңылыштык кетирген болобуз. Ага карабай эле кериле “топту” тээп, прогноз
жасоого жан үрөгөндөр керт башы үчүн тимеле бет тырмагандан кайра тартпайт, чиркин!

Арийне, ошондой “бөөндөрдү” азыгы менен сугарып, башынан сылап ийге
келтирген шылуундар да жок эмес. Мурдун келтейтип так ошолор бир үйүрдөгүлөрдү
экинчисине тукуруп тирлигин жасап жатканы алаканга салгандай баамдалып турарын
деле кепке кыстара кетпесек болбойт. Төбөлдөрдүн этегине эрмешип, канатына
жармашып “крутой” болгон эргулдар билегин кара иштерге казык кылып, төбөлдөн алган
акчасын кубулмаларга азык кылып жаткандары Кудайга деле жакпайт.

Ошентсе да заманың карышкыр болсо ошо бол, түлкү болсо жойпулан деген таризде кыймыл- баштаганына кыйла убакыт болуп калды. Баягыл эки көчөнү зээриктирбегендер
коңулдан чыгышып эми башкаларды кантип мыдыр табуу керектигине акыл үйрөткөндө
айла жок мыйыгыңан күлөсүң.

Кыскасын айтканда Мекендин эмес кара башынын кызыкчылыгын жогору койуп ар кандай бүдөмүк иштерге “кол салгандар” албетте, жалпы журтка коркунучтуу. Адамдык абийирден артык эч нерсе жоктугун булар ойлобосо деле керек…

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83