www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бакиев уурдады" деген акчаны атактуу ырчы Бек Борбиев Бекназаровдон талап кылды

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 18:04

Саясат


"Бакиев уурдады" деген акчаны атактуу ырчы Бек Борбиев Бекназаровдон талап кылды

Экс-президент А. Атамбаевдин бир жагынан досу, экинчи жагынан «тыңчысы» экени ачыкка чыгып калган А.Бекназаров ИИМдин экс-министри М.Конгантиевге карата 2010-жылы козголгон кылмыш иши УКМК тарабынан кыскартылганына карата 10-июлда борбор калаабызда маалымат жыйынын өткөргөн.

Анда ал М.Конгантиевдин өткөн чагын эске салып: “Молдомуса эсине келе албай жаткандыктан биз анын ишин өзүнчө бөлүп койгонбуз, гумандуулук кылганбыз. Биз аны дарылатууга жөнөткөнбүз. 2010-жылы Конгантиевдин иши тергелген эмес. Калгандарынын иши тергелген. Бирок көп маселелер бар да! Бакыйган күч түзүмүнүн, ИИМдин башчысы эмнеге жооп бербейт экен? Курманбек Бакиевдин "монстр" бийлигин орноткондордун кылмыш ишин акырын кыскартып койгон моралдык-нравалык жактан туура эмес”, - деген ал.

Азимбек мырзанын мындай пикирине КР эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу мындайча өз пикирин жарыялады: -“Азимбек мырза, өзүңүздүн да өткөн күндөрүңүздү эске салып, банктагы “ячейкалар” жөнүндө бир кенен пресс-конференция берип койсоңуз жакшы болот эле, кылмыш иши жандана электе. Эл арасында көп аңыз кептер айтылып келет, кантип “ячейкалар” Алматыга ташылганы...”.

Ырасында эле 2010-жылдагы апрель революциясында карапайым эл канын төгүп, жанын берип атса, ошондогу УӨ “ячейкалардан” Бакиевдерге тиешелүү миллиондогон акчаларды өзүмдүк кылып алуу менен алектенип жүргөнүн айтып жүргөндөр толтура. Муну ырчы мырза дагы тастыктады.

Б.Борбиевдин бул пикирин “Фейсбук” колдонуучулардын көпчүлүгү колдоого алып,“Ойдогу сөз айтылыптыр да, эң туура”, “Ак үйдү алгандар баатыр болушту. Баткенде согушка катышкандар баатыр эмеспи? Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калдык, а силер ячейка ачып жыргадыңар” деген сыяктуу жазылган пикирилер көп болду.

Чын эле, Азимбек мырза ошол ячейкалар боюнча бир кеңири маалымат жыйынын өткөрүп койбойсузбу? 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83