www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Максим Бакиев ТЭЦди модернизациялоо үчүн Кытайдан сүйлөшүп келген сумма...

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2018, 20:01

Саясат


Максим Бакиев ТЭЦди модернизациялоо үчүн Кытайдан сүйлөшүп келген сумма...

«Кызык экен...» темада белгилүү блогер Темирлан Ормуков Максим Бакиев тууралуу өзүнүн пикирин социалдык тармагына жазып чыкты.

Ормуковдун пикирин толугу менен өзгөрүүсүз жарыя кылабыз:

"Жаман деген Максим Бакиев учурунда Кытайга барып ТЭЦтин иши боюнча кезинде 150млн $ каражатка келишим түзсө, ошол эле ТЭЦтин ошол эле ишине азыркы мыкты дегендерибиз 386млн $ каражаттык келишим түзүшүптүр... Ошондо ким жаман деги? Башкасын билбейм Бакиев майыптарга 225 батирлүү үлөрдү салып берген азыр ошондо жашап жатабыз. Жанагы мээ-кайык Алмаз Атамбаев деген неме бир да социалдык турак-жай салдырган жок. Болгону ГКНБга, МВДга, прокуратура кызматкерлерине үйлөрдү салдырды анысын да көбүнчө чоң-чоң генерал чалдар алып жаш катардагы кызматкерлери дале кезекте экен...Бакиевди мактагандык эмес акыркы күндөрдөгү окуялардан кийин бийликтерди айласыз салыштырат экенсиң... Кыргызда «артык кылам деп тыртык кылды» деген сөздүн мааниси дал ушул биздин акыркы 10 жылдагы саясатка туура келсе керек... Айтмакчы интернеттеги экономикалык маалыматтар боюнча негизинен эгемендүү өлкөлөр өздөрүнүн акчасын чыгарууда темир тыйын монетаны экономикасы өнүгүү жолуна түшүп стабилдүү болгондо гана чыгара алат экен. Ойлоп көрсөм бизде темир тыйын монеталар 2008-жылдары жүгүртүүгө киргизилген болсо керек эле, демек ошол кезде биздин экономикалык өсүү жолуна түшүп стабилдешип баштаган убак экен дааа! Эхеее-хеее жанагы тантык Алмаз Атамбаевди тукуму менен кырып салчу неме окшойт...", деп жазган Темирлан Ормуков.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83