www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөлдөн кыргыз паспорту табылды

Перизат Кутманалиева 18-июль 2018, 17:45

Саясат Миграция


Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөлдөн кыргыз паспорту табылды

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө паспорт алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады деп билдирет Азаттык.

Маалыматка ылайык, быйыл январда издөөдө жүргөн Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Борис Матузный Испанияда кармалган. Анын жанынан Кыргызстандын эки паспорту табылган. Бул иш боюнча Кыргызстандын ички иштер органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада ал паспортторду мыйзамсыз түрдө 2016-жылы Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмү бергени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Мөөр, штамп жана башка документтерди жасалмоо” беренелери менен иш козголгон. Кылмыш ишинин алкагында Сузак райондук калкты каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси жана дагы бир кызматкери камакка алынды. Учурда тергөө уланууда. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83