www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист Улан Эгизбаев каза болду

Камчыбек Бостон 22-июль 2018, 19:12

Коом Кылмыш жана кырсык


Белгилүү журналист Улан Эгизбаев каза болду

"Азаттыктын" журналисти Улан Эгизбаев  бүгүн, 22-июлда каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 14:00 чамасында болгон.

Бир нече күн мурда белгисиз адамдардан анын атына бош конверт келди деп айтканын, анын эскертүү болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган эле.
Улан Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.
2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
2015-жылы Бишкек Гумананитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.
2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган.
2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.
"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы үчүн бир катар иликтөөлөрдү жасап келген.
Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83