www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жанар Акаев: "Чындык учту асманга, бир туугандан кем эмес жакын элек Улан"

Камчыбек Бостон 23-июль 2018, 07:18

Коом Кылмыш жана кырсык


Жанар Акаев: "Чындык учту асманга, бир туугандан кем эмес жакын элек Улан"

Сенин сөөгүңү коштоп, асманыбыз аңтарылып, сай сөөгүбүз сыздап, нес болуп келатабыз, Улан! Бир туугандан кем эмес жакын элек, сырдаш элек, ичим эңшерилип, көзгө жаш алгандан башка арга таппай турам, Улан! Жолуккан сайын элдин ырыскысын уурдагандар менен түбөлүк душман болооруңу айтып, каңырыгың түтөп турчу. Чыныгы журналист сен болчусуң Улан, таза, дили ак, өз ишине берилген, уурулардын кекиртегине тыгылган кылкан элең, Улан! Сени элиң тегиз сүйчү Улан, бир ууч коррупционерлер гана сенден эрте кутулууну самашчу, бирок алардын да азабын берчүлөр табылаарын унутпасаң экен. Аз убакытта өзүңдү көрсөтө алдың, жаш муунга үлгү болдуң, акыйкат жарчысы болдуң, Улан! Үй-бүлөңө күйүмдүү элең, Сапаргүл менен чогуу бактылуу элең, жан берсең да шакегиң колуңда экен, аны көрүп да күйбөгөн жерим күл болду, Улан! Коомду накта сендей балдар өзгөртө алмак, качан десең да командаңа кошулам Жанар, тирек болуп берем дечүсүң! Келечекке сендей балдар менен барам деп ишенимдүү жүрчүмүн, эми кантем Улан! Сенин коррупция менен, уурулар менен күрөшүңдү улантууга бар күчүбүздү жумшайбыз, ишиңди улантабыз. Элиң сага, сенин адилеттүү телекөрсөтүүңө суусап турса, сен шашып кеттиң Улан, жараткан сендей жигитти кантип алды арабыздан, түк түшүнсөм өлөйүн. Ишенбей жетип бардым, сен жатасың, башыңды жерге салбай, бүжүрөбөй, бырышпай, жүзүңдөн нур таамп, таптаза пейлиң менен. Аттиң, эр жүрөктүгүң менен ажалга да тике караган экенсиң! Анткени, сенин абийириң таза, жүрөгүң таза, Улан! Кош Улан, элиң, жакындарың, санаалаштарың сени түбөлүк эсинен чыгарбайт! Бейишиң болсун, Улан!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83