www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азиз Суракматов “папин сыночек” турбайбы

Перизат Кутманалиева 31-июль 2018, 17:22

Саясат


Азиз Суракматов “папин сыночек” турбайбы

Борбор калаанын башчылыгына келаткан Азиз Суракматов кадимки атасынын баласы (папин сыночек) окшобойбу. “Курулуш бизнеси атамдыкы, мен ал жерде инвестиция боюнча директормун. Ал фирмаларды эмне кылышты атам чечет” деген сөздөрү атасынын эрке талтаң баласынын кейпин элестетти. Атанын камкордугунда жүргөн балдар, элдин милдети тууралуу жылуу-жумшак, комфортабелдүү офистерде отуруп үстүртөн гана ойлонумуш этип көнгөн. А Суракматовдун шаар мэрлигине келиши менен миллион калкы бар, көйгөйү башынан ашкан Бишкектин жүгү жеңилдейби же азыркыдан бешбетер чаташабы?

Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер болуп жаткан Азиз Суракматов бир нече курулуш фирмаларынын ээси экендиги, эгер ал аталган кызматка барып калса мыйзамдык алкакта кызыкчылыктардын кагылышы орун алаары айтылган. Анткени, курулушчу жана курулуш фирмаларынын ээси катары ал жер тилкелерин бөлүүдө, курулушка уруксат берүүдө жеке кызыкчылыгына ооп кетүү, бийлигинен пайдаланып өз фирмаларына артыкчылык берүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Фирмаларын формалдуу түрдө башка дос-тааныш, туугандарына каттап койгону менен мындай ыктымалдык мурункудай эле сактала берет. Тескерисинче, формалдуу тоскоолдуктар жоюлуп, аларга ачык эле жан тартуу мүмкүнчүлүгүнө жол ачылат. “Ал фирмалар мен мэр болгондон бери меники болбой калган, менин тиешем жок” деген оозун куу чөп менен аарчыган шылтолор кадимкидей легалдаштырылат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83