www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ленин райондук сотунун кеңсесинде жоокер өзүн- өзү атып салды

Перизат Кутманалиева 31-июль 2018, 19:24

Коом


Ленин райондук сотунун кеңсесинде жоокер өзүн- өзү атып салды

Бишкектеги Ленин райондук сотунун кеңсесинде жоокер өзүн- өзү атып салган. Бул тууралуу маалыматты КРдин мамлекеттик жаза аткаруу мекемеси тастыктады.

Бул окуя бүгүн, 31 июлда болуп өттү. 18 жаштагы жоокер дааратканага чыгып, Макаров тапанчасы менен өзүн- өзү башка атып салган.

Окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат. Жоокердин бул кадамга барышына эмне түрткү болгону изилденип жатат.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жоокер Биринчи май райондук военкоматы тарабынан аскердик милдетти аткарууга ушул жылдын апрель айында чакырылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83