www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербургда 47 жаштагы кыргызстандык аялды зордуктап кетишти

Перизат Кутманалиева 28-август 2018, 11:31

Коом Миграция


Санкт-Петербургда 47 жаштагы кыргызстандык аялды зордуктап кетишти

Санкт-Петербург шаарынын Киров районунда кыргызстандык аялды зордуктап кетишти. Окуя 24-август күнү кечинде болгонун россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Басылмалардын маалыматына караганда, 47 жаштагы аял жумушка кирүү үчүн маектешүүгө келген. Ал «Нарвская» метросунан чыгып, 9-январь атындагы сейил бакка чейин жөө барган. Сейил бакка Химический жарым көчөсү тараптан кирип, адашып, чыгуучу жолду таппай калган.

Жабырлануучу белгисиз эркек адамдан сейил бактан чыгууга жардам сурап, ал макул болгон. Бирок ал аялды бөтөлкө менен башка чаап жиберген. Кийинки күнү жабырлануучуну жолдо өтүп бара жаткан аял көрүп, тез жардам кызматын жана полиция кызматкерлерин чакырган.

Кыргызстандык аял Санк-Петербургдагы ооруканалардын бирине жаткырылып, дарыгерлер жабырлануучунун баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалганын аныкташкан. Ошондой эле бети тытылып, денесиндеги интимдик жерлер жабыркаган.

Булак: "Турмуш"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83