www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЭКСКЛЮЗИВ - ВИДЕО: Кыргызстандык үй-бүлө уулунун атын Эрдогандын урматына атады

Кызгалдак Жакыпова 01-сентябрь 2018, 18:21

Турмуш Видеолор Дүйнө жүзүндө Саясат


ЭКСКЛЮЗИВ - ВИДЕО: Кыргызстандык үй-бүлө уулунун атын Эрдогандын урматына атады

Бүгүн Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий визит менен Кыргызстанга бир нече сааттардын кийин кирип келет. Эрдоганды жалпы кыргызстандыктар кубануу менен тосуп алууда. Баарынан да кожоновдордун үй-бүлөсүндө бүгүн өзгөчө күн – алар Режеп Эрдоганды күтүлбөгөн чоң белек менен күтүп алышууда.

Бишкектин тургуну Замирбек Кожонов кечээ жарык дүйнөгө келген наристесинин атын түрк лидеринин урматына атайын жөрөлгө кылып Эрдоган деп атады. Режеп Тайип Эрдогандай калыс, адилет, эрктүү жана элинин камын ойлогон улуу инсан болсун деген аруу тилек кожоновдордун ушул атка токтолушуна башкы себеп болгон.

- Кыргыз эли менен түрк элинин башын бириктирген лидер инсан болсо экен деген тилекте уулубузду ушинтип атадык. Мен түрк дүйнөсүнүн лидери болгон Режеп Тайип Эрдоган менен абдан сыймыктанам. Бизге анын эрктүүлүгү менен чечкиндүүлүгү жагат, - дейт Замир мырза.

Кыргызстандык Эрдоган келечеги кең, зоболосу бийик, кыргыздын атын алыска тааныткан улуу инсан болуп чоңойсун! Кыргыздын сыймыктуу уулу болсун!

Белгилей кетсек, Түрк лидери Кыргызстанда кыргыз-түрк стратегиялык кызматаштыгынын Жогорку кеңешинин IV отурумуна, 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өткөнү жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы Кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83