www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: Москва: Тогуз киши жабыркап бирөөсү каза болду

Перизат Кутманалиева 10-сентябрь 2018, 09:20

Миграция


ВИДЕО: Москва: Тогуз киши жабыркап бирөөсү каза болду

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, окуяда бир жаран каза болду. Тогуз киши жабыркап, алардын бешөө ооруканада. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Абалдары боюнча маалымат азырынча айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, иликтөө-териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

- Кызматкерлер учурда ооруканада жана окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандардын жарандыктары такталууда. Арасында каза болгон бирөө бар экен.

Бүгүн Москвада кыргызстандык айдоочу "Volkswagen Polo" унаасы менен Новочеркаск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү - өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Тогуз киши жабыркап, бир киши каза болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Алдын ала маалыматка караганда, окуя кафеде кыргызстандыктар чатакташып кеткенден кийин болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83