www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна судьяларды дайындоо жана жөнөтүү тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Кызгалдак Жакыпова 10-сентябрь 2018, 13:26

Расмий кабарлар


Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна судьяларды дайындоо жана жөнөтүү тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Бишкек шаардык сотунун, Чүй облустук сотунун, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондорунун сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин З-бөлүгүнө ылайык биринчи Жарлык менен биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө 6 судья Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Экинчи Жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Бишкек шаардык сотуна — Молоев Дамир Жоомартович;

— Чүй облустук сотуна — Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна, Нурманбетов Эрмек Болотканович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотуна — Култаева Нурила Дукенбаевна;

— Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна–  Кумашев Жолдошбек Ильясович;

— Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна — Карабекова Элмира Чондошовна жиберилишти.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83