www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда кыргыз сойку кыздары кармалды

Кызгалдак Жакыпова 17-сентябрь 2018, 16:20

Коом Миграция


Түркияда кыргыз сойку кыздары кармалды

Түркияда сойкулук үчүн көмүскө жай уюштурган деген шек менен 14 адам кармалды. Алар кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашканын Haberler басылмасы жазып чыкты.

Полиция кызматкерлери Анталия жана Манавгат шаарларында шектүүлөрдү кармоо операциясын жарыялаган. Анталияда 9 шектүү — 3 аял киши жана 6 эркек адам кармалды. Ал эми экинчи шаарда азербейжандык З.Севкозиева жана Г.Мамажанова мейманканалардын биринин ээси менен көмүскө жай уюштуруп, кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

Алар көмүскө жай уюштурууга, сойкулукка ортомчу болууга жана адам сатууга шектелип жатат.

Полиция кызматкерлеринин иш аракетинен кийин 10 аял, алардын ичинен жетөө чет элдиктер сойкулуктан куткарылды. Чет элдик кыздар мекенине депортациялоо үчүн Анталиядагы тиешелүү кызматка өткөрүлүп берилди деп айтылат маалыматта.

Айрым маалыматтарга таянсак, кээ бир кыздарыбыз кайсыл жумушка орношкону бара жатканын билип туруп өз көңүлдөрү менен ушул ишке аралашат экен. Полиция кызматкерлери кармап алган учурларда гана "мени сексуалдык кулчулукта алып жүрөт, жардам бергиле" деп жазадан жеңил кутулуу максатында ар кандай шылтоолорго таянат.

Эске сала кетсек, Түркияда сексуалдык кулчулукка кабылгандардын дээрлик көбүнчөсү өзбек, кыргыз кыздары.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83