www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Полициячыга кол салууга айыпталып эки кыргызстандык кармалды

Перизат Кутманалиева 18-сентябрь 2018, 17:54

Коом Миграция


Полициячыга кол салууга айыпталып эки кыргызстандык кармалды

Орусиянын Калуга облусунун Тергөө комитети Малоярославец шаарында эки кыргыз жараны полиция кызматкерине кол салууга айыпталып камакка алынганын "Азаттык" маалымдады.

Расмий кабарга ылайык, экөө Малоярославецтеги кафеде ашпозчу болуп иштешкен. Алар 16-сентябрь түнү унаанын жарыгын күйгүзбөй айдап баратканда тартип сакчысы токтоткон. Документтери жанында болбогондуктан, жашаган батирине чейин коштоп барган полиция кызматкерине подъезде кол салышканы баяндалат билдирүүдө.

Суракта бирөө мындай жол менен административдик жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракет кылганын мойнуна алган.

Укук коргоо органынын кызматкерине кол салгандарга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси менен кылмыш иши козголот. Мыйзамга ылайык, айыпталуучуларга 200 миң рубль айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Москвадагы кыргыз элчилиги кармалгандардын тек-жайы такталып жатканын кабарлады. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83