www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Султан Тукешов: “Бизде ушундай протез жасалганына айрымдар ишенбей атышат” 

Кызгалдак Жакыпова 20-сентябрь 2018, 15:31

Коом Илим Ден-соолук


Султан Тукешов: “Бизде ушундай протез жасалганына айрымдар ишенбей атышат” 

Кыргыз медицинасы алдыга дагы бир арыш жасады. Дарыгерлер менен программисттерден турган топ протез колдорду жасап жаңылык киргизе алды. Көпчүлүктү бул кабар кубандырса, айрымдарын дале ишендире албай турат. Эмнеси болсо да көптөгөн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көксөп келген тилеги орундалды. Кыргызстандагы белгилүү микрохирург Султан Тукешов өзү жетектеген долбоор тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Султан Конокбекович, бул идеянын үстүндө канча убакыт иштедиңиздер?

- Мен иш тажрыйбамда көптөгөн тагдырларды көрдүм. Нөөмөттө турганда аялдардын, балдардын кыйылган колдорун көрүп зээним кейичи. Мындан кийин алардын тагдыры кандай оорлошорун туюп ушундай адамдарга кантип жардам берсе болорун дайыма ойлонуп жүрчүмүн. Ушундай күндөрдүн биринде Адилет, Дастан, Улан, Арген, Урмат деген программист балдар менен таанышып калдым. Алар да ушул ойдун үстүндө жүргөн экен. Ошондо биргелешип протез кол чыгарууну максат кылдык. Долбоордун үстүндө балдар күнү-түнү иштеп атышты. Мен болсо каржылык жагын камсыздадым. Ошентип бул долбоордун үстүндө 3 жыл иштедик. Качан гана баары жүз пайыз даяр болгондо эл алдына алып чыктык.

- Протез кол кандай материалдан жасалды жана кантип иштейт?

- Үлгү катары алгач ар кандай материалдардан жасадык. Сыналып, иргелип отуруп акырында PLA-пластикке токтолдук. PLA-пластик – бул экологиялык таза материал жана салмагы да жеңил болот. Ысык менен муздак абага туруштук берет. Сууга салсаң да эч нерсе болбойт. Адам ар бир кыймылды акыл менен башкарат да. Мисалы, мээден келген нейроимпульс адамдын колун кыймылдатат. Эгер кол жок болсо, мээден келген нейроимпульс ошол кол кесилген жерге чейин келет. Эми ошол протез колдун ичиндеги микропроцессорлор, схемалар нейроимпульсту кармайт. Башкача айтканда, кол акыл менен башкарылат. Протезде ар бир манжа иштейт, азыр биз режимдерин дагы руль кармаганга, кашыкты, телефонду кармаганга ылайыктуу кылып мыктылап жасап жатабыз. Ар бир манжа канчалык каруу бере аларын, бир буюмду кармаганга канча каруу кетери бүт эсептелип жасалды. Протез колду кубаттап туруу керек. Ал кубаты дайыма кыймылда болсо 24 саатка жетет. Бара-бара адамдар колдун түсүн да тандап алууга мүмкүнчүлүк болот.

- Баасына токтолсоңуз. Чет жактагы протезге караганда кыйла арзан экен?

- Европа өлкөлөрүндө бир колду 20 миң доллардан 40 миң долларга чейин жасашат. Коңшу Казакстанда бир протез кол 15 миң доллардын тегереги. Ал эми биз жарандардын социалдык абалын эске алуу менен эмгегибизди 2 миң долларга бааладык. Бул кыйла арзан. Сапаты жагынан Европа өлкөлөрүнүкүнөн кем калышпайт. Муну өткөндө долбоордун бет ачарында Япониядан, Россиядан, Индонезиядан келген профессорлор да тастыктады. Жакшы жетишкендик экенин баса белгилеп кызматташууну сунушташты. Буюрса, келечекте биздин продукция чет жактарга да экспорттолот. Өткөндө бир кыз Түркияга австралиялык протез салдырыптыр. Салмагы бир аз оор экен. Тагынганда башым ооруп атат деди. Биз протез колду болушунча жеңил кылдык. Адамга эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт.

- Социалдык баракчаңыз аркылуу кызматташууга ыктыярчыларды чакырдыңыз эле. Иштешүүнү каалагандар көп болдубу?

- Ооба, биз менен ыктыярдуу иштешүүнү каалаган жарандарды чакырганбыз. Арасынан төрт адамды тандап алдык. Шарт боюнча алар жүзүн жашырбай биздин продукцияны элге көрсөтүп, айтып беришет. Биз аларга протез колду бекер салып беребиз. Азыр алардын кем-карчылары, акыркы баскычтары жасалып атат. Буюрса, жакынкы арада ээлерине тапшырабыз. Учурда кардарлар чалып буйрутма берип атышат. Айрымдары чын эле бизде ушундай протез кол жасалып атабы деп ишенбей атышат.

-Келечекте протез бут жасоо планыңызда барбы?

- Кудай буюрса. Ушул ишти майын чыгара жасап элге сунуш кылып алсак, кийин балким протез бут жасашыбыз толук мүмкүн. Себеби жасалма бутка муктаж адамдар да өлкөдө арбын. 

Анара Дуйшоналиева

Булак: "Леди кж"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83