www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жээнбеков Жээнбековдун сунушуна макул болбой

Кызгалдак Жакыпова 29-сентябрь 2018, 15:50

Саясат


Жээнбеков Жээнбековдун сунушуна макул болбой

Баардык нерсени жашырбай, ачык айтканды жакшы көргөн Равшан Жээнбеков экс-ажого жолугуп чыккандан бери “Равшан Атамбаев тарапка ооп кетти” деген балээге кабылды.

Равшан башкаларга окшоп Атамбаевге жашынып барып жолукпай, барганын ачык айтып чыкканы анын чыныгы саясатчы экенин далилдейт да, туурабы? Равшанды бир эле Атамбаев эмес, президент Жээнбеков деле чакырып, жолугушуптур.

Ал тургай ага АКШдагы элчиликти сунуш кылса, тапан Равшан “Менин иштей турган убагым. АКШда жөн эле убакытты өткөргүм келбейт. Андан дагы элчилик кызматты аркалагам. Мен бул жакта өлкөнүн өзгөрүшү үчүн аракет кылам” деген жообун айтыптыр. Эгер андан башка бирөө болгондо президенттин оозунан элчилик чыгар замат, түйүнчөгүн түйүп камданып баштайт эле.

Равшан Жээнбеков Атамбаев менен такыр бирикпей турганын, экөөсүнүн жолу башка экенин өзүнө тартынбастан эле айтып чыгыптыр.

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83