www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда алты айда 132 миңдей кыргызстандык ишке расмий орношту

Кызгалдак Жакыпова 05-октябрь 2018, 16:40

Миграция


Орусияда алты айда 132 миңдей кыргызстандык ишке расмий орношту

Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына январь-июнь айларында 132 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын аймагында расмий ишке орношкону тууралуу маалымдама жөнөтүлгөн. Ошол эле маалда 161 миңдей жаран чек арада Орусияга келишинин максатын "иш" деп белгилеген. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Алмаш Алтымышева билдирди.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары боюнча эмгек мигранттары жумушка орношкон соң жумуш берүүчү же жеке өзү Миграция башкармалыгынын бөлүмдөрүнө түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсүн жөнөтүп, Орусияда расмий иштей тургандыгы жөнүндө маалымдашы керек. Мурунку жылы 241 миңдей кыргызстандык менен түзүлгөн эмгек жана жаранды кызмат келишими тууралуу Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына маалымдалган.

Орусияда миграциялык мыйзамдарды бир нече ирет бузган чет өлкөлүк мигранттар «кара тизмеге» алынып, өлкөдөн чыгарылат. Учурда 70 миңден ашуун кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Орусияда азыркы кезде 650 миңдей кыргызстандык эмгектенет.

Булак: "Азаттык"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83