www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Секс сабак

Кызгалдак Жакыпова 11-октябрь 2018, 10:49

Саясат


Секс сабак

Акаев мезгилинин акыркы жылдарында Шапиро деген еврей неме мектеп окуучуларына секс сабак киргизген болчу. Анысына билим берүү министрлиги балчайта мөөр басып, кээ бир райондордо сабак берилип баштаган. Коомчулук каршы болгонун чымын чакканчалык көрбөгөн Шапиро китептерин бастырып мектептерге тарката баштаган, максаты кагазда спидке каршы деген укмуш ураан. Негизи китебин барактаган кишиге сексте сак болуу үчүн кантип резинканы колдонуу эркектин мүчөсүнө мектеп окуучу кыз практика жүзүндө көргөзүп берүү керек эле же кантип боюна бүтүрбөөнү окуучу бала көргөзүп берүү эрежелери камтылган.. Шапирону да ошол кезде бир эки еврей чалыш кыргыздар коргоп жактап чыккан.

Негизи адам баласына да, айбанга да сексти үйрөтүүнүн кереги жок, бой жеткенде аны табигый жол менен өзү үйрөнүп алат, секс сабак спидке каршы деген проект менен каржыланса да түпкү максаты кыргыз коомчулугун бузуу болчу.. Кудай жалгап ынклап болуп Акаев кеткен соң Илим билим министри болуп Досбол Нур уулу келген. Өзүбек ажы, Нурлан Мотуев, Акин Токтаналиевтер баштаган топ министрдин буйругу менен секс сабакты мектеп программасынан алып салган..

Кудум азыр бир аз башкачараак нук менен бараткандайбыз. Зереби немеби айтор, бир кыз көкүрөгүн көргөзүп атасынын костюму менен эркиндигин данктаса, Мирбек деген ырчы инибиз казак ырчы кыз менен ачыгыраак клип тартып коомчулуктун сынына кабылды. Кошуна өзбектердин кинолору клиптерин миллиондогон эл көрөт, алардын киносун үйдө ата-энең менен да бала-чакаң менен да кенен көрсөң болот. "Эметишкен" жерин же өбүшкөн жерин бизчелик ачык тартпай көз караштары кыймылы менен гана билдирип коёт. Азыр да Мирбек жана атасынын костюму менен ырдаган кызды коргоп чыгуучулар көп. Сыртта жаңы кылым жаңыча ой жүгүртөлү деген акылдуулар андан көп чыгат. Билем азыр жаңы кылым, биз чечингенди эмес жаңы кылымдагы жаңы теxникаларды ойлоп тапканды, аны колдонгонду үйрөнбөйлүбү?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83