www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аслан Сартбаев, Азия Ньюс гезитинин башкы редактору: "Азизов, Абакиров аттуу сотторго наалат!"

Кызгалдак Жакыпова 11-октябрь 2018, 15:11

Саясат


Аслан Сартбаев, Азия Ньюс гезитинин башкы редактору: "Азизов, Абакиров аттуу сотторго наалат!"

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков «кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди» деген таризде Октябрь районунун сотуна «Азия Ньюс» гезитинин үстүнөн арызданып, эки доо арыз боюнча кайрылган. Жарым жылдай сот процесси уланып, аягында чекит да коюлду. Кызыгы, Келдибековдун сураган суммасын Азизов, Абакиров аттуу соттор канааттандырып, экөө тең бир ооздон «миллиондон» так кесе чечимдерди чыгарганы таңгалдырды. Наалат!

Албетте, биз деле өзүбүздү периште сезбейбиз, кайсы бир деңгээлде жаза тайгандырбыз, бирок, соттордун шашылыш түрдө Келдибековдун кызыкчылыгын 100 пайыз аткарып салганы өөн учурап калды. Буюртма экени жалганбы? Ооба, башкасын айтпасам да, мен мурда экс-спикерлер Текебаев, Мадумаров менен соттошком. Текебаев каражаттан баш тартса, Мадумаровго 50 миң сом төлөп бергем. Ал эми бул жерде 2 миллион сом айып салууда. Учурда райондук соттун чечими жаңы гана чыгууда, Келдибеков азырынча «ак» же «көк» дей элек. Бул жерде кеп башкада, биздин соттор гезиттин абалына, каржылык жагына саресеп салбай эле миллиондорду моюнга иле беришсе аягы кандай бүтөт? Дал ушул жерде толук кандуу акыйкатсыздык орун алды!

Мен бул боюнча Сооронбай Шариповичке өзүнчө расмий түрдө кайрылуу жазам. Адилетсиздик!

Булак: "Азия ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83