www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлжан айым, сизди баалай алган жокмун...

Кызгалдак Жакыпова 11-октябрь 2018, 15:02

Коом


Гүлжан айым, сизди баалай алган жокмун...

Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда «Арзуу» рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жан дүйнө жолдошуңуз болуп берет.

Гүлжан Шерипбаевага!

Мен сизди жүрөгүмдөн сыйлайм. Ооба, убагында баалай алган жокмун. Көрсө, ошондой ыксыз күндөр да өтөт экен. Бирок, убакыт өткөндөн кийин баарын таразалап, кимдин ким экенин билгенден соң баа берет экенсиң да. Сонун жансыз, сыйга татыктуу жана жылуусуз... Мен чыгармачылыгыңыз боюнча кеп кылгым келбейт, негедир купуя сырларга сүңгүп кетсем, ошол жактардан адашсак да табышсакпы (?) деген тилектер менен дем бергим келет. Экөөбүз кайрадан ынак боло албайбыз. А балким... Бул жалган жашоо да. Кандай кыямат күн келсе да, сизге болгон урмат-сыйым тээ көңүлдүн чордонунда, сезимдердин каттамында кала берет. Көрүшпөгөн эки толкундай болуп экөөбүз башка жактарга сабалай берет окшойбуз. А жашоо маңызы неде? Ага деле этибар кылбай, кайдадыр боштукка, белгисиз жактарга чабак уруп бараткандайбыз, Гүлжан айым... Убакыт токточу? Биз кайда баратабыз?..

Эски досуң

Булак: "Азия ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83