www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: Анжелика кыздарын “дүүлүктүрүүчү” ыкмаларды колдонуп бийлетип жатканы кандай?!

Кызгалдак Жакыпова 11-октябрь 2018, 16:19

Маданият


ВИДЕО: Анжелика кыздарын “дүүлүктүрүүчү” ыкмаларды колдонуп бийлетип жатканы кандай?!

Атаңгөрүү деп кетесин азыркы “заманбап муундун” өсүп келе жатканын көрүп. Азыр бул макалага кээ бириң көрө албастык деп чыгаарсың, кээ бириң калыс карап оюңарды ортого салаарсыңар. Кепти бир мисал менен бергим келди. “Айтылуу Анжелика эжебиз тарбиялап жаткан” “Кидс-стар” өспүрүм кыздардын тобу тууралуу болмокчу. Жакында соц тармактарда тараган бийлерин көрүп таң калдым. Абийирсиздик дедим.

“Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” деген кеп туурабы дейм. Балакатка жеткен КЫРГЫЗ кыздары кандай эле, азыр кандай болуп калды деген суроо туулат. Тилекке каршы, абийир, ыйман, ынсап сактаган кыздарыбыздын баалуулугу жоголду. Жаш топтун кыздарынын бийлегенин, кийген кийимдерин көптөн бери байкап келемин. Убакыт өткөн сайын кыздар ачылып-чачылып, боёнушуп, ал тургай бийлеген бийлери дагы “дүүлүктүрүүчү” нукка бара жатат. Аны төмөндөгү видеодон так көрө аласыздар. Сырактап секирип, төштөрүн көрсөтүп, чачтарын жайып, тоңкоюп, жата калып, талтая калып бир шумдукту көрсөтүшүүдө. Алма сабагынан алыс түшпөйт дечү беле же устатынан шакирти өтүптүр болуп, бул кыздардын шоу-дүйнөдөгү “жашоосу” эртең кандай болот жана артынан ээрчиген өспүрүмдөрдү кайсы жолго алпарып, кандай мисал болушат...

Дагы бир жолу айтайын көнүп калгандай “көрө албастык” дебегиле, тек гана терең ой жүгүртүп, туура баа бергиле. Төшү жаңы чыгып келе жаткан кыздар ынсаптуу болот дечү эле... Бул кыздардын ата-энелери кайсы жакты карап отурушат болду экен. Же булар дагы өз кызын жылаңачтап коомчулукка чыгарып коюп мактанып отургандарданбы?

Мындай тарбияга, мындай көрүнүшкө каршымын. Азыртадан тизгиндеп, жаш муунду тарбиялабасак эртең булардан кандай “энелер” чыгаары белгилүү!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Алтынбек Мамадалиев, 12-октябрь 2018, 01:10
Дуулугуп кетуу ал тарбиядан... Замандын агымы менен осуп онугобузбу же ар бир кыймыл аракеттен жамандык издеп отура беребизби? Дуулугуп кеттим, жаман болуп кеттим деп эле... Анжеликаны жеп жута турган болдунар кыскасы...
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83