www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала кезимде “педофилдин” оюнчугу болгонумду билбептирмин

Кызгалдак Жакыпова 11-октябрь 2018, 16:54

Турмуш


Бала кезимде “педофилдин” оюнчугу болгонумду билбептирмин

Каарманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин NazarNews.kg@gmail.com электрондук кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Саламатсыздарбы? Мен атымды атабай эле коёюнчу. Сиздерден кичине кезимде болуп өткөн окуяны айтып кеңеш сурагым келет. Анда сөз башынан болсун.

Атам милиция кызматкери, апам болсо мээрман айым болуп иштечү. Кичине чагымда атакемдин кызматына байланыштуу жер которуп, көп көчтүк. Жазында Ат-Башыга көчүп келдик. Бир чоң заңгыраган үйдүн үч бөлмөлүү “времянкасын” ижарага алып кирип жашадык. Үйдүн кожоюну менен бир короодо турганыбызда мен өзүмдү  чоң апа- чоң атам бардай сезчүмүн. Алар кары ,көп балалуу жакшы кишилер болчу.

Алардын көкүрөк күчүгү  мени менен жашташ, бирок шизофрения оорусу менен жабыркаган кыз болчу,  мектепке барчу эмес. Ал кыз менен мен бош убактымда ойноп күн кечирчүмүн.

Күндөрдүн биринде. Кошунабыздын баласы армиядан кызматын өтөп келди. Мага абдан жылуу мамилеси менен ишенимимди алды. Мен 3 класстагы кызмын камкор мамилеси жаман ой жараткан жок. Бир күнү мени тамдын артына чакырып, алып өпкүлөп кирди. Шымымды чечти, анан үстүмө жатып кыймылдай баштады. Бир нерсе куюлгандан кийин шымын шымдап, сандарымды өтө назик мамиле менен арчып берди. Мен эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Мен сени абдан жакшы көрөм  деп, сникерс берди. Мен эч нерсени түшүнө албай үйгө кирдим. Мындай күндөр көп жолу кайталанчу болду. Апам кош бойлуу эле көз жарды, сиңдилүү болдум. Анан атамды Казарманга которушту, кызмат абалына байланыштуу Ат-Башыдан көчүп кеттик. Кийин эс тарткан сайын ошол учурду көп эстеп, акыл эс киргенден кийин “педофилге” оюнчук болгонумду, кандай коркунучта болгонумду билдим. Эми ошол адамды таап жазага тарта аламбы? Окурмандардан пикир күтөм. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83