www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эшек-экспорт

Кызгалдак Жакыпова 11-октябрь 2018, 17:13

Саясат


Эшек-экспорт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Kyrgyztodey.kg маалыматтык сайтында айыл чарба малдарынын экспорту жөнүндөжарыяланган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Эшек, качыр, жылкы –жылкы түркүмүнө кирет. ЕАЭБтин, МЭБтин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык жылкы түркүмүнө кирген жаныбарларды сатууга же башка мамлекеттерге экспорттоого расмий түрдө тыюу салынган эмес.

Анткени,эшек, качыр, жылкы ЕАЭБтин товарларынын номенклатурасынын тизмесине киргендигине байланыштуу бирдиктүү 0101 коду аркылуу белгиленген тартипте башка мамлекеттерге экспорттолот.

Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке ишкерлерге ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү жакшыртуу жаатында  тийиштүү шарттарды түзүүгө милдеттүү жана ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу айыл-чарба малдарын экспорттоодо ветеринардык-санитардык талаптардын сакталуусун көзөмөлдөйт жана камсыздайт.

Андан сырткары,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айыл чарба жаныбарларынан алынган  продукцияларын жана тирүү малдарды экспорттонун көлөмүнүн өсүшүнө мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүүдө бир катар жакшы аракеттерди кылып келүүдө.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы өнөктөш мамлекеттер менен товар алмашуу жаатында алгылыктуу  жумуштар жасалып жыйынтыгында 2017-ж. салыштырмалу эт азыктары - 1118,1тн., сүт азыктары - 6207,1тн., балык эти -121,8 тн., тирүү мал - 11295,0 баш ж.б. айыл чарба продукциялары экспорту өскөн. (салыштырма анализи тиркелет)

Жогоруда айтылгандардын негизинде Kyrgyztodаy.kg маалыматтык сайтында айыл чарба продукциясынын экспорту боюнча жетишсиз маалымат жарыялангандыгын билдиребиз.
Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83