Кызгалдак Жакыпова 11-октябрь 2018, 20:58
Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев кызынын өлүмүн териштирген сот отурумдары катуу иренжиткенин жашырбайт. Биздин видео материалынан сюжетти кенен көрүңүздөр.
Буга чейин, кызынан ажыраган атанын айтымында, сотто судья милиция кызматкерлерин ачык эле жактап, алар тарапта болгону байкалган:
- Менин адвокаттарымды сүйлөтүшкөн жок. Сот отурумда алар милиция кызматкерлери тарапта болгону ачык эле билинип калбадыбы. Сот, милиция кызматкерлери Кара-Балтада жашайт, ошол жакта иштешет. Буга чейин далай жолу көрүшкөн. Ошон үчүн бири-бирин жашырышы мүмкүн. Милиция кызматкерлери сотто өз күнөөсүн жарым-жартылай эле мойнуна алышты. Бирок аларга "Шалаакылык" беренеси боюнча эмес, кылмышка катышканы боюнча иш козгош керек.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон Бурулай 2018-жылы 29-майда жерге берилген эле.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!