www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыныстык катнашка буларсыз барууга болбойт

Кызгалдак Жакыпова 12-октябрь 2018, 17:21

Ден-соолук


Жыныстык катнашка буларсыз барууга болбойт

Бүгүнкү күндө күтүүсүз кош бойлуулуктан коргоочу ар кандай каражаттар бар. Аларды колдонуу менен үй-бүлөнү пландаштырып, жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруларды алдын ала аласыз. Бүгүн биз сиздерге алардын айрымдарын айтып беребиз.

Эсиңизде болсун, колдоноор алдын дарыгерден кеңеш алууну унутпаңыз.

Спермициддер

Спермициддер – сперматозоиддин (эркектин уруктугу) маткага кирип кетүүсүнө тоскоол болот. Ар кандай түрлөрү бар: аэрозол, шам, майлоочу ж.б. Жыныстык катнашка бараардан 2 – 3 саат мурун  (ар бир таңгакта так убакыты көрсөтүлгөн) кындын ичине киргизилет. Таасири бир жыныстык катнашка жетет. Кайталап кошулууда, кайрадан спермицид киргизүү керек.

Артыкчылыктары:

Гормондорго таасир этпейт.

Эмизип жаткан аялдар колдонсо болот.

Жыныс кынын нымдантырат.

Дезинфекциялык өзгөчөлүгү бар.

Кемчиликтери:

Жыныстык катнашты алдын ала пландоо керек.

Кээ бир спермициддерди колдонгондон кийин белгилүү бир убакытка чейин самынды жана гигиеналык башка каражаттарды колдонууга болбойт.

Терс таасирлери болушу мүмкүн: кычыштыруу, сегенүү, кызаруу.

Башка каражаттарга салыштырмалуу натыйжалуулугу төмөн.

350-500 сом турат. Дарыканаларда сатылат.

Презервативдер

Коргонуу каражаттардын эн популярдуусу. Эркектер жана аялдар үчүн түрлөрү бар. Аялдардыкы техникалык жактан татаал болгондуктан, кеңири таркаган эмес.

Артыкчылыктары:

Күтүлбөгөн кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да коргойт.

Арзан жана жеткиликтүү.

Эч кандай каршы көрсөтмөсү жок.

Натыйжалуулугу жогорку даражада.

Кемчиликтери:

Кээ бир эркектердин сезимталдуулугун азайтат.

Жыныстык катнаш учурунда айрылып же жылмышып ылдый түшүп кетиши толук ыктымал.

Колдонууда кээ бир ыкмаларды талап кылат.

80 сомго чейин сатылат. Баасы сапатынан кабар берээрин айта кетели.

Спираль

Спираль – бул пластика же металдан жасалган, аялдын маткасынын ичине коюлчу, бойго бүтүүдөн сактоочу каражат.

Артыкчылыктары:

Каалабаган кош бойлуулуктан узакка коргойт (спираль түрүнө жараша 3 жылдан 10 жылга чейин ).

Каалаган убакта алып койсо болот.

Жыныстык катнаш учурунда сезимталдыкка таасир бербейт.

Аялдын жалпы абалына эч кандай таасир тийгизбейт.

Күн сайын көзөмөлдөөгө муктаж эмес.

Башка дары-дармектерге таасир этпейт.

Кемчиликтери:

Эркек менен аялдын ден соолугу жакшы болсо, кош бойлуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү 10-15% , бул 10-15% дын 50%ы жатын сыртындагы бойго бүтүү.

Спиралдар бойдон алдыруу касиетине ээ, ошондуктан динге ишенген жана бойдон алдырууга каршы болгондорго болбойт.

Жаңы салдырганда бир айча ичтин төмөн жагы оорутат.

Спиралдан улам этек кир күндөрүнүн саны жана менструалдык кандын өлчөмү көбөйүшү мүмкүн.

Жыныстык жол менен жугуучу ооруларды алдын албайт.

Өз алдынча салууга мүмкүн эмес.

Дарыгердин кызматын эске албаганда 150 сомдон 5000 сомго чейин.

Гормоналдык импланттар

Алар теринин астына тигилет. Мындай имплант прогестерон гормонун пайда кылат. Бул каалабаган кош бойлуулуктан  99% коргоо кепилдик берет.

Күн сайын кам көрүүгө муктаж эмес, бир жылда эки жолу гинекологго барып текшертип коюу керек. Орто эсеп менен алганда, таасири 3 жылга чейин созулат.

Артыкчылыктары:

Үзгүлтүксүз дарылануунун кереги жок.

Айрым гинекологиялык оорулардын тобокелдиги азаят (мастопатия, матка миомасы, эндометриоз).

Спирт ичимдиктерин ичүү же тамекини чегүү импланттын натыйжалуулугуна таасир этпейт.

Кемчиликтери:

Жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргобойт.

Имплант гормондорго таасир эткендигине байланыштуу этек кир циклин бузушу мүмкүн.

Либидо (сексуалдык каалоо) төмөндөшү же дене салмагы өзгөрүшү мүмкүн.

Бала эмизүү учурунда колдонууга мүмкүн эмес.

Өз алдынча колдоно албайсыз.

Биздин дарыканаларда жок, Москвага буйрутма бериш керек. Болжолдуу баасы 3000 сом.

Гормоналдык ийне

Гормон сайынуунун таасири 8 - 13 жумага (так мөөнөтүн билүү үчүн дарыгерге кайрылгыла) чейин созулат. Бир жылда 4 жолу сайдырса болот, ар бир үч айда бир жолу. Ийне алып жатканда  аял жылына кеминде эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүүгө тийиш.

Артыкчылыктары:

Ийненин таасири 8 -13 жумага чейин жетет.

Гормондук препараттарды кабыл ала албай тургандар үчүн.

Аз кандуулукка жардам берет.

Башка дары-дармектерге эч кандай терс таасири жок.

Кемчиликтери:

Этек кир циклинин бузулуусу.

Ашыкча салмак кошуу.

Сөөктөрдүн ичкеришине алып келет.

Репродуктивдик ден-соолукту толук калыбына келтирүү үчүн бир жылга жакын убакыт керек.

Либидого таасир этиши мүмкүн.

Аял жок дегенде жылына эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүшү керек.

Баш айланып, дене кызарып, маанай өзгөрүшү мүмкүн.

Гормоналдык ийнени мамлекеттик бейтапканалардан акысыз, жекелерден болжол менен 100-150 сомго алса болот.

Оралдык коргонуу каражаттары

Үч түргө бөлүнөт: бириккен, гестагендик жана поскаиттик. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кайсынысын жазып берсе, ошону гана ичүү керек. Бойго бүтүрбөөчү таблеткалардан аял семирип же эмчек рагына чалдыгат деген болбогон бир жомок.

Артыкчылыктары:

Кээ бир оралдык каражаттар безеткиден арылтат.

Булар менен этек кирди пландоо оңой.

Денедеги түктөрдүн өсүүсүн жайлатат.

Менструалдык цикл маалындагы оорутууну басаңдатат.

Кемчиликтери:

Ашыкча салмактагы, диабети бар жана чылым тарткан айымдарга болбойт.

Жүрөк-кан тамыр жана боор ооруларынын коркунучун жогорулатат.

Кыжырдануу, уйкучул, баш айлануу, маанайдын бат алмашуусу менен коштолушу мүмкүн.

Либидо төмөндөйт.

Мындай таблеткалардын бир курсу 200 – 1000 сомго чейин болот.

Матка түтүкчөлөрүн таңуу

Матка түтүкчөлөрун таңып коюу – түтүкчөнүн кичинекей бөлүгүн алып салган операция. Бул коргонуу каражаты – калыбына келгис болуп саналат. Эркектер үчүн дагы ушундай ыкма бар – урук каналдарын кесип коюу. Бул методду колдонгон адамдар гормоналдык жактан эч нерсе болбойт. Мындайча айтканда аялдар кош бойлуу боло албайт, эркектер аялдарды кош бойлуу кыла албайт.

Артыкчылыктары:

100% коргоочу каражат.

Гормондорго эч кандай таасир бербейт.

Кемчиликтери:

Операциядан кийин кан агуу сыяктуу сезгенүү болушу мүмкүн.

Калыбына келгис тукумсуздук.

Анестезия кылуу муктаждыгы бар.

Мамлекеттик бейтапканада 2000 сомдун тегереги, жекеде 20 000 сомдон өйдө.

Булак: "Билесиңби.кж"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83