www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала эмне үчүн өлүү төрөлөт?

Кызгалдак Жакыпова 30-октябрь 2018, 11:56

Ден-соолук


Бала эмне үчүн өлүү төрөлөт?

Аял үчүн баланы тогуз ай көтөрүп, жан чыдаткыс толгоону башынан өткөрүп, акырында ымыркайын бооруна аман-эсен кыскандан өткөн бакыт болбосо керек. Тилекке каршы, акыркы убакта өлүү төрөлгөн ымыркайлардын саны күн санап өсүүдө. Жыл башынан бери 1627 ымыркай чарчап калган факт катталган. Мунун себеби эмнеде деген суроо менен адиске кайрылдык. 

Түйүлдүктүн антенаталдык өлүмү - бул баланын ичтен өлүп төрөлүүсү же төрөттөн кийин чарчап калуусу. Мындай көрүнүш кош бойлуулуктун бардык мөөнөттөрүндө кездешүүсү мүмкүн. Буга бир нече себеп бар. 

1-себеп: Жогорку кан басым

Түйүлдүктүн жатында жакшы өсүүсүнө, өзүнө керектүү заттарды эненин организми аркылуу алуусу үчүн бир калыптагы кан басым маанилүү. Эгер болочоктогу эненин кан басымы жогору же төмөн болсо, ичтеги түйүлдүккө түздөн-түз таасир этет. Кан басым жогорулаган мезгилде түйүлдүкө жетиштүү өлчөмдө кычкылтек барбай, ал тумчугууга дуушар болот. Өсүп-жетилүү нормасынан артта калат. Мисалы, 30 жумалык ымыркай салмагы, өсүүсү жагынан 26-27 жумалыктай көрүнөт. Көп учурда кычкылтектин жетишсиздигинен ичтен чарчап калат. 

Кеңеш: Кош бойлуулук учурунда 120/80 кан басым жакшы кан басым деп саналат. Балалуу болууну пландаган аял алгач кан басымын калыбына келтирүүсү зарыл. Ал эми кош бойлуулук учурунда кан басым көтөрүлбөө үчүн 9 ай бою кардиологдун көзөмөлүндө болуусу керек. Адис түйүлдүккө зыяны тийбей турган дары-дармектин жардамы менен эненин кан басымын бир калыпта кармап турат. 

2-себеп: Тромбофилия

Кош бойлуу кезде аялдын кан айлануу системасы жайлап, натыйжада каны мурдакыга караганда бир аз коюлат. Себеби төрөт учурунда кан жоготуунун алдын алуу үчүн организм автоматтык түрдө ушундай режимге өтөт. Эненин каны өтө коюлуп кеткенде кан тамырларда, плацентте тромб пайда болот. Ал тромб түйүлдүккө жетиштүү деңгээлде кычкылтектин жетүүсүнө тоскоол болот, бул көрүнүш баланын ичтен чарчап калуусуна алып келет. Айрым учурда ымыркайдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасынын калыптануусуна терс таасир этип жүрөк кемтик оорусу менен төрөлөт. 

Кеңеш: Төрөттү пландаган айым алдын ала Е жана С витаминдерин ичиши керек.

2. Буттарында мурунтан варикозу бар айымдар үчүн бул эки эсе кооптуу. Андыктан варикоздун бардык түрүн мүмкүн болушунча дарылаткан оң. Кош бойлуулук учурунда атайын байпак кийип, уктаганда бутту өйдө асып жатканы жакшы. 

3-себеп: Жатындык фактор 

Мүнөздөгү эндоцервицит, герпес, токсоплазма сыяктуу инфекциялар кездешсе – бул бала үчүн кооптуу. Себеби инфекция тондогу сууну кирдетет жана ууландырат. Жыйынтыгында түйүлдүк ууланган суу менен жашап атып калыптанып келе жаткан органдары толук жетилбей калат да, жыйынтыгында майып бала төрөлөт. Көп учурда ымыркай инфекцияга ууланып чарчап калуусу күтүлөт. Дагы бир олуттуу жагдай, жатында инфекция өөрчүп кеткенде аялдын дене табы көтөрүлүп жатындын жыйрылуусуна (толгоого) алып келет. Мындан улам бала мөөнөтүнөн мурда ара төрөлүп чарчап калат. 

Кеңеш: Балалуу болууну пландаган ата-эне дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, анализ тапшырып, эгер инфекциялык оорулар катталса жубайлардын экөө тең бир убакта дарыланганы оң. Эгер аял дарыланып, эркек дарыланбаса эч кандай жыйынтык болбойт. 

4-себеп: Иммундук фактор

Кош бойлуулук учурунда аялдын организминдеги көптөгөн өзгөрүүлөр менен катар иммунитети да начарлайт. Жыйынтыгында организмдин инфекцияга туруштук берүүсү кыйындайт. Ал эми инфекция өлбөй организмде өөрчүп жүрө берет да акырында жатынга жетет. Иммундук система начарлаганда аял сасык тумоо, кызамык, кызылча сыяктуу ооруларга туруштук бере албай калат. Анын алсыздыгы түздөн-түз түйүлдүккө таасир этет. 

Кеңеш: Кош бойлуулукка бел байлаган аял иммунитетин бекемдей турган азыктарды, витаминдерди көп колдонушу керек. Тогуз ай бою сапаттуу тамактануу менен иммундук системаны да бир калыпта кармай алат. 

5-себеп: Гормоналдык фактор 

Аялдын организиминде гормоналдык системанын иштөөсү бузулса, түйүлдүктүн өсүүсү жана жетилүүсү үчүн пайдалуу заттар азаят. Ал эми калкан безинин иштөөсү бузулса жатындагы бала бир топ жетиштүү азыктар менен камсыздалбайт. Мисалы, түйүлдүктүн калкан бези 4-5 жумалыгында калыптана баштайт. Ушул учурда ал йодду энесинин каны аркылуу гана ала алат. Ал эми жаңыдан калыптанып келе жаткан түйүлдүкө йод жетишсиз болсо, толук өсүп жетилбейт. Кичинекей мөөнөттө эле ичтен өлүп калуусу мүмкүн. 

Кеңеш: Богок оорусу барлар кош бойлуулукка чейин толук дарылануу курсунан өтүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуусу зарыл. Ал эми кош бойлуулукту пландап аткандар бардык гормондорго анализ тапшырып текшерилүүсү керек. Гормондор калыбына келмейин кош бойлуулукту пландоо опурталдуу.

Булак: "Леди кж"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83