www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Икрамжан Илмияновдун тарапташтары: "Балабыз чоң кылмышкердей кармалып, караланып жаткандай жаман адам эмес"

Кызгалдак Жакыпова 31-октябрь 2018, 18:38

Саясат


Икрамжан Илмияновдун тарапташтары: "Балабыз чоң кылмышкердей кармалып, караланып жаткандай жаман адам эмес"

Кечээ жакында камакка алынып, жалгыз камерага которулган мурдагы президенттин эң ишенимдүү адамы “шопур” деген лакап аты бар Икрамжан Илмияновдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына чогулушту.

Алар  соттон Икрамжан Илмияновдун ишин адилеттүү карап беришин жана баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруусун талап кылып жатышат. Ошондой эле алар Илмиянов  пара алып, күнөөлүү болуп жатса, анда пара берген адамды неге кошо кармашпаганына нааразы болушту.

Илмияновдун тарапташтары бир беткей каралап, мамлекеттин чыккынчысындай сүрөттөп жатканына ичтери ачышканы үчүн Бишкекке келишкенин, баш коргоо чарасы каралып жаткан мезгилде  айтышты.  

“Икрамжан чоң кылмышкердей кармалып, камакка алынып, караланып жаткандай жаман адам эмес. Ал эл үчүн иштеген инсан. Ал Лейлекке жол, мектеп, бала бакчаларды салдырып берди”- деди тарапташтары.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83