www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлекте ок тийген депутаттын аты жөнү такталды

Кызгалдак Жакыпова 08-ноябрь 2018, 10:22

Коом


Лейлекте ок тийген депутаттын аты жөнү такталды

Лейлек районунда далысына ок атылып, ооруканага жеткирилген жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутаты Кубанычбек Баяновдун абалы орто деп бааланып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев бүгүн, 7-ноябрда билдирди.

Милициянын полковниги билдирген маалымат боюнча, депутатка кол салуу 5-ноябрда саат 23:20да болгон. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Арка-2 айылынын тургуну Кубанычбек Баяновдун далысына ок аткан белгисиз адамдар дароо качып кетүүгө жетишкен. Окуя болгон жерден гильза жана октор табылды.

КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-берене (адамды өлтүрүү үчүн кол салуу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери менен шектүүлөрдү кармоо аракеттери улантылып жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы депутатка кол салуу Арка-2 айылындагы үйүнүн алдында болгонун жана жабырлануучуну туугандары Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришкенин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83