www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүйгөнүнө 19 ирет бычак сайган адам эки бутунан айрылды

Кызгалдак Жакыпова 08-ноябрь 2018, 11:06

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Сүйгөнүнө 19 ирет бычак сайган адам эки бутунан айрылды

Тараздын тургуну сүйгөн кызы, 3 баланын энесин 19 жолу бычак сайып өлтүргөн. Бул кылмыштын бети 8 жылдан кийин ачылып олтурат деп билдирет Nur.kz. Сүйгөнүн өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн Асылбек Таразга качып кеткен. Асылбектин айтуусунда окуя төмөнкүчө башталган.

Казакстандын Тараз шаарынан 2010-жылы 23 жаштагы Асылбек сүйгөн кызына Алматы шаарына келген. Ал менен 3 ай бирге жашап калгандан кийин, ал сүйгөн кызына үйлөнүү тууралуу сунушун киргизет. Асылбектин сунушун сүйгөн кызы четке кагат. Анткени анын ошол учурда 3 баласы болгон. Ызасына чыдабаган Асылбек ошол күндөрү алкоголдук ичимдиктерди ичип туулган жерине кетип жатканын айтып сүйгөн кызын чакырат. Ал эч нерсе оюнда жок Асылбекти узатканы поезд жолдун боюна келет. Ошол жерден ал кызга 19 жолу бычак сайып артын карабастан окуя болгон жерден изин суутуп поездге олтуруп кетип калган. Кыз алган жаракатынан ошол жерде жан берген.

Полиция кызматкерлери кылмышкерди таппай калган. Асылбек бодуп өткөн окуяны унуталбай ичимдикке берилип кетет. "Кан коё бербейт"- деп жөн жерден айтылбаса керек, себеби, мас болуп жүргөн күндөрдүн биринде ал эки бутун тең суукка алдырып алат. Ак халатчандар анын эки бутун кесип салат. Ошол окуядан кийин Асылбек өзү укук коргоо органдарына күнөөсүн толук моюнуна алып, кылган иштерин айтып берген. Учурда ал 8 жылга эркинен ажырап түрмөдөгү мөөнөтү катаал калониялардын биринде өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83