www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жумуштан кеткен үч "периште" бир жолу бут басып барышты бекен ушул тараптарга?

Кызгалдак Жакыпова 08-ноябрь 2018, 15:13

Саясат


Жумуштан кеткен үч "периште" бир жолу бут басып барышты бекен ушул тараптарга?

Күндүн талкуусунда жаңы дайындалган министр Улукбек Кочкоров болду. Анын жаңы конуштарды аралап жердин баткагын, элдин көйгөйүн өз көзү менен көрүп эл менен чогуу иш баштаганы коомчулукка майдай жакты.

Активист Акбалык Жумалиева "Министр сайраңдап чет өлкөгө эмес, каякка барыш керек экенин көрсөтүптүр. Жанагы жумуштан кеткен үч "периште" бир жолу бут басып барышты бекен ушул тараптарга?"- десе, журналист Баяна Кулова "Кайсы министрди көрдүңөр эле ылай кечип социалдык маселелерди өзүп барып көргөн. Башкасын мындай коёлу, "мен коррупция менен күрөшүп" деп өзүн апапакай сезген Лунара айым менен министр Таалайкүл айымдын ушундай сүрөтүн көргөн эмесмин. Качан депутаттар ызы-чуу түшүп чакырып сурака ала баштаганда гана "апапакай костюмдарын кийип өкүртө боёнуп ээрчишип барып калышчу"-десем ашыкча кетпейм. Мына муну чыныгы министр дейт. Ылайым ылай кечип, ушинтип маселени жеринен барып көргөн министрлер көбөйсүн."- деген пикирлерин калтырган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83