www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Суваналиев: "Атамбаев эл алдында менден кечирим сураш керек"

Кызгалдак Жакыпова 08-ноябрь 2018, 16:23

Саясат


Өмүрбек Суваналиев: "Атамбаев эл алдында менден кечирим сураш керек"

Чындыкты сүйгөн, карапайым элдин катмары генерал Өмүрбек Суваналиевдин баскан жолун, туруктуулугун баалашат. Кайсы гана система болбосун, каарманыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келген. Ал эми соңку сегиз жылдан бери кызматка барбай, саясатчы катары коомчулуктагы ар кандай кубулуштарга убагы менен ой-пикирин ачык айтканы эсибизде.

Ушул күндөрү айрым саясый күчтөр «Комиссар Каттанини» өздөрүнө пайдаланууга ашыгышканы, анын атын алдыртан сата башташканы угулууда. Атургай Атамбаев менен жакындатууга да аракеттер көрүлүптүр.

Бирок, кыраакы генерал түз багытынан жанбай, «Атамбаев эл алдында менден кечирим сураш керек» деген сөзүнөн кайтпаганы да көкжалдык катары сыпатталууда. Эки лидердин ортосунда убагында түшүнбөстүктөр болгону белгилүү. Канча жыл өтсө да Суваналиев жигиттик сөзүнөн тайбай, эң башкысы, майда интригалардан бийик туруп, мамлекеттүүлүктүн пайдасына карай салым кошууга белсенгени, өзүнүн ордун татыктуу кармаганы менен өзгөчөлөнүүдө.

Кыскасы, Өмүрбек мырза бүгүн эч кандай агымдарга кошулбастан карапайым эл тарабында экенин эскертмекчибиз…

Булак: "Азия ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83