www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Банданын башында Дамирбек болгонбу?

Кызгалдак Жакыпова 09-ноябрь 2018, 09:58

Саясат


Банданын башында Дамирбек болгонбу?

Айрым азуусун айга жанган серепчилер, ошол сыяктуумун дегендер парламентте отургандардын калың катмары бандиттерге, жегич-ичкичтерге түспөлдөш деген кебин айландырып калышат. Ага ишенбейин десең оркойгон фактылар чыгып жатса, шылуундар качып кетсе, бандиттер колго түшсө кантип көзүңдү тостойтуп туруп аный демексиң? Көрсө биз чын эле балакетке аралашып алгандардын барымтасында калыптырбыз, кокуй-наалат!

Сөзүбүз кур болбосун үчүн мисалдата кетели. Дамирбек Асылбек уулу парламентте депутат болуп отурду беле? Отурган. Анан эле казактардын торуна түшүп калып өлкөнү уятка калтырдыбы? Калтырды. Анан калса ал казак мамлекетинин жараны экенин колго түшпөсө билбей кала бермекпиз. Ошондуктан аны казактын мыйзамы менен соттой турган болушту. Өткөндө жакын санаалаш эл өкүлдөрү анын сотуна барып шаабайлары сууп келишти. Анткени сотко катышкан прокуратура кызматкери Дамирбекти эл аралык бандиттердин башчысы деп сыпаттап кетиптир. Ошону кулагы чалган “күйөрмандары” чала-була мүдүрүлүп кетип кыйладан кийин эс алышыптыр. Мына көрдүңбү, окурман биздин тагдырыбызды ким чечип жүргөнүн?

Демек, чукулай беришсе из кубарлар дагы нечендеген кызыктарга ээ болушмак. Атаганат, бирок андайларды кармабай эле тизесине бүгүлүп жүрүшпөйбү, чунактар. Оозу булганган соң кайда барып, кайсыл теректи сүзмөк эле…

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83