www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады

Кызгалдак Жакыпова 23-ноябрь 2018, 17:23

Ден-соолук


Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады

Операциянын уникалдуулугу — протез оорулуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чет өлкөдөн атайын заказ аркылуу алынат.

Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун жетекчиси, ортопед Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков тастыктады.

Дарыгер тоталдык эндопротез деп аталган операцияны жаңы каражаттарды колдонуу менен жасап, колу кыймылдабай калган адамды майыптыктан сактап калды.

Сентябрь айынын башында катуу жыгылып, колун сындырып алган адам райондук бейтапканага кайрылган. Ал жакта сөөгүнө операция жасалып, ийин сөөгүнүн башынын майдаланып кеткен бөлүктөрү алып салынган.

«Ошондон кийин сөөктүн башы дефект болуп, колу кыймылдабай калган. Оорулуу айласыздан бизге кайрылып, Сабырбек Артисбекович ага операция жасады. Кемтик болуп калган жерге курамы адамдын сөөгүнө окшош материалдан жасалган протез коюлду. Андыктан ал бара-бара сөөккө жабышып өсүп кетет да өзүнүкүндөй болуп калат», — деди Кубатбеков.

Анын айтымында, операциянын негизги максаты — колду толук кандуу кыймылдатуу. Уникалдуулугу — протез оорулуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын чет өлкөдөн заказ аркылуу алынат.

Кубатбеков бейтап операциядан кийин өзүнө келгенин, бирок дагы 10 күндөй дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады. Андан соң гана мурдагыдай эки колу тең ишке жарамдуу болуп турмушун улантууга болот экен.

Булак: "Спутник"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83