www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыдырмышева Айгүл: “Кудай менен соодалашкан учурлар болду”

Перизат Кутманалиева 28-ноябрь 2018, 19:36

Коом Ден-соолук


Кыдырмышева Айгүл: “Кудай менен соодалашкан учурлар болду”

- Мен 48 жашымда жатын моюнчасынын рагына кабылдым. Төрт баланын энесимин. Борбордогу орто мектептердин биринин директору элем, азыр орус тили, адабият сабактарынан берген катардагы мугалиммин. Күйөөм 10 жыл мурда каза болгондо жалгыздыктан чөгүп кетпейин деп өзүмдү толугу менен жумушка арнап салгам. Негизи буга чейин эрозиям бар экенин билчүмүн. Бирок убагында дарылатпай, убакытты шылтоо кылып чыгынбай жүрө бердим. Качан гана убакыт болуп жеке клиникага барганымда эрозиямдын онкологиялык ооруга айланып кеткенин айтышты. Өзүнүн мындай дарты тууралуу алгач уккан аялдын образын кантип сүрөттөсөм? Жиниң келет, догурунасың. “Эмнеге мен? “Эмне үчүн?” деген суроону миң кайталап бересиң. Андан кийин өзүңдү таштап саласың, “бүттү өлөт экенмин” дейсиң. Кудай менен соодалашып “азыр мен сооп иш жасайм, сен болсо мени айыктырасың” деген учурлар да болду. Эң акырында ооруну кабыл аласың. “Сен мен үчүн сасык тумоо сыяктуу эле оорусуң, мен сени жеңем” деп рак менен сүйлөшөсүң. 

Мен ооруган кезде эки кызым турмушка чыгып экөө тең кош бойлуу болчу. Кыздарымды, курсактарындагы болочок неберелеримди аяп операция болордо: “Мен иш сапарым менен Ошко кетип атам. Көп күндө келем”,- дедим. Ал жолу билбей калышты. Кийин рак клеткалары ичегиге өттү. Бул жолу да ачык айтпай: “Ичимде киста бар экен. Операция жолу менен алдырам”,-дедим. Онкологиялык борборго кыздарым көргөнү келиптир. “Эмнеге бул жерге жаттыңыз?” деп таң калышты. Бул жакта доктурлар күчтүү деп алдап сүйлөп жатсам дарыгер айым менин жашырганымды билбей кыздарымдын көзүнчө айтып салды. Эки кызым ошол жерден аябай ыйлашты. Көрсө, оору сенден да жакындарыңа катуу сокку болот экен. Үйгө чыгып барсам балдарым өз алдынча кеңешип алышкан окшойт. “Экинчи сизге көз жашыбызды көрсөтпөй, күчтүү болобуз” деп калышыптыр. Азыр ар бир экинчи аялда эрозия бар. Мен ошондой аялдарга жолугуп калсам: “Барып дарыланчы, кеч боло электе айыктырчы?!”- деп кадимкидей жалдырайм. Себеби рактын бул түрү өтө тез өөрчүйт. Анан да рак оорусуна кабылгандарга элдик ыкма менен дарыланып убакыттан уттурбагыла, бир гана медицинага ишенгиле дээр элем. 

Анара Дуйшөналиева

Булак: "Леди"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83