www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ырчы Аваз Акимовдун аткаруусундагы “Ошондо да сүйөм” аттуу ыры уурдалган...

Гүлжан Шерипбаева 14-май 2017, 03:34

Маданият Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


 Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ырчы Аваз Акимовдун аткаруусундагы “Ошондо да сүйөм” аттуу ыры уурдалган...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес...

Биз бүгүн ырчы Аваз Акимовдун аткаруусундагы “Ошондо да сүйөм” аттуу ыр тууралуу кеп кылабыз. Аваз көп кайрыктарды уурдап жүргөнүн байкап, бул ирет анын бирин ачыкка чыгарып коюууну туура көрдүк. Себеби, уурдап эле жүрө бербей, өзү да изденсе жаңылык пайда болобу деген эле ниет. Бул ырдын түп нускасы казак элиники. Автору- Бауржан Есебаев. Ал эми аткаруучусу Казакстандын популярдуу ырчы мырзасы Ернар Айдар. Ернар бул ырды “Сонда да сүйем” деп 2013- жылы жаздырып, клибин да тартып казак элинде хит кылып койгон.

Төмөндө эки ырдын вариантын тең сиздерге сунуштайбыз. Кимисиники мыкты аткаруу болгон ага сиздер баа бересиздер, окурмандар!  

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83