www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курган аппетиттин айынан 520 миң доллар пара менен аткаминер колго түштү

Кызгалдак Жакыпова 06-декабрь 2018, 11:44

Саясат


Курган аппетиттин айынан 520 миң доллар пара менен аткаминер колго түштү

Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматынан "Азаттыкка" билдирген.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Кармалган министрдин орун басары бул тендердик комиссиянын төрагасы болгон.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Андан мурда кылмышка шектүү министрдин орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алганын УКМК билдирүүдө. Ортомчу катары анын туугандары чыккан.

Ал эми калган паранын суммасын кийинки жумаларда алмак.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда.

Кармалган адам транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев болушу мүмкүн. Ал бул кызматка 2017-жылдын февраль айында дайындалып, жол тармагына жооптуу болуп келген. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83