www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Актёр Эдди Мёрфи 10-чу ирет ата болду

Жазгүл Урманбетова 06-декабрь 2018, 11:46

Дүйнө жүзүндө


Актёр Эдди Мёрфи 10-чу ирет ата болду

Атактуу америкалык актёр Эдди Мёрфи 10-ирет ата статусуна ээ болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 57 жаштагы актёр уулдуу болгон.

Белгилүү болгондой, Эдди Мёрфи уулунун атын Макс Чарльз деп койгон. Актёр жубайы, модель Пейдж Батчер менен 6 жылдан бери жарандык никеде жашап келет. 2016-жылдын май айында түгөйлөр Иззи Уну Мёрфи деген кыздуу болушкан.

Актёрдун үйлөнгөнгө чейин никесиз эки уулу болгон. Тун уулу Эрик Полетт Маккнили аттуу айым экөөнүн ортосунда төрөлсө, экинчиси Кристианды Тамара аттуу айым жарыкка алып келген.

1991-жылы Эдди Мёрфи модель жана дизайнер Николь Митчелл менен сүйүү мамилесин баштаган. 1993-жылы сүйүшкөндөр баш кошуп, 2005-жылга чейин 5 балалуу болушкан. Түгөйлөр 2006-жылы ажырашып кетишкен.

Кийин актёр "Spice Girls" тобунун мурдагы вокалисти Мелани Браун менен жарандык никеде жашаган. Экөөнүн ортосунда Энжел Айрис Мёрфи-Браун аттуу кыз жарык дүйнөгө келген.

2008-жылы Трейси Эдмондс деген кинопродюсерге үйлөнүп, көп өтпөй ажырашып кетишкен.
Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83