www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентте Жусуп Абдрахмановго КРнын баатыры деген наам берүү сунушталууда

Жазгүл Урманбетова 06-декабрь 2018, 12:09

Саясат


Парламентте Жусуп Абдрахмановго КРнын баатыры деген наам берүү сунушталууда

Совет доорунда репрессияланган мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берүү демилгеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Бул тууралуу депутат Максат Сабиров сунуштады. Анын айтымында, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөлүшү жана чыңдалышына зор салым кошкон ишмер мындай бийик наамга татыктуу. Депутат Жусуп Абдрахмановго бийик наам берүүдөн башка анын ысымын Бишкектеги райондордун бирине жана президенттин алдындагы Башкаруу академиясына ыйгаруу зарылдыгын белгиледи.

Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук жумурият макамын алуусу үчүн өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан.

1930-жылдары Казакстанда ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди ачарчылыктан сактап калган иш-аракеттери менен белгилүү. Жусуп Абдрахманов контрреволюциячыл жана улутчул деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83