www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамшитбек Калилов кармалган орун басары жөнүндө: "Жумушуна так эле болчу.. Кандай болгону бизге да бүдөмүк."

Кызгалдак Жакыпова 06-декабрь 2018, 12:38

Саясат


Жамшитбек Калилов кармалган орун басары жөнүндө: "Жумушуна так эле болчу.. Кандай болгону бизге да бүдөмүк."

Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев тууралуу өзүнүн пикирин билдирди. 

"Эмне болгонун мен деле билбейм, айран-таң болуп эле отурабыз. Эпкин-Дыйкан (Башкууганды) аймагына жол куруу боюнча эл аралык тендер өткөрүлгөн. Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы эле. "Бүт баары мыйзамдуу болду" деп подрядчы жумушун баштады. Ал жерге 67 чакырым жол курулмак. Эми тендер бир адамга байланыштуу эмес да. Анын мүчөлөрү көп, ал жерде Коомдук көзөмөлдөө кеңеши, Экономика министрлигинен, Каржы министрлигинен, УКМКдан өкүлдөр бар. Кээде депутаттар кошулуп калат. Анан кандай болгону бизге да бүдөмүк. Жакшы иштечү, мага өкмөттөн келген. Илгертен ал аппараттарда, президенттин администрациясында иштеп жүргөн. Жумушуна так эле болчу. Ар адамдын кемчилиги болот да, анын бир аз жумшактыгы бар эле. Аппараттык жыйындарда көп эскертүү алчу. Оңдо, кара деп айтчумун. Ушул дүйшөмбү күнү эле көп жерлерди түзүк эптей албай жатасыңар дегем",- дейт Жамшитбек Калилов.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83